Боронбаева жана Ажибраимова Жогорку соттун жаңы курамына киришти

Сотторду тандоо боюнча кеңештин 2 мүчөсү Дильфуза Боронбаева жана Айжамал Ажибраимова Жогорку соттун жаңы курамына киришти. "Парламенттеги тандоодон өтүү оңой болгон жок. Бул убакытка чейин колдоо көрсөтүп келген кеңештин мүчөлөрүнө чоң ыракмат", - деп бүгүн, 14-сентябрда, сотторду тандоо боюнча кеңештин отурумунда Ажибраимова айтты.

Эске салсак, кечээ парламент Жогорку соттун жаңы курамын бекитти. Буга чейин Жогорку соттун судьялыгына сотторду тандоо кеңеши 32 талапкерди көрсөткөн. Бирок, мамлекет башчысы алардын ичинен 7өөнү четтеткен болчу.

Дүйшөмбүдөн баштап Кыргызстандын Жогорку соту жаңы курам менен иштеп баштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД