Жалал-Абад облусунда митингге чыккан 50дөй адам тарап кетти

Жалал-Абад облусунда абал тынч, митингге чыккан 50дөй адам тарап кетти. Бул тууралуу "ВБ"га аталган облуска караштуу Чаткал районунун акими Таласбай уулу Акматбек билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 14-сентябрда болжол менен саат 9да Жаңы-Базар айылынын жергиликтүү тургундары митингге чыгышкан. Аларга райондун дагы 8 айылынын жашоочулары кошулушкан. Жалпысынан 50дөй адам чогулган.

Нааразы болгондор, жергиликтүү алтын чыгаруучу 7 компаниянын жетекчилигинен Ала-Бука - Чаткал – Кировка унаа жолун оңдоп берүүлөрүн талап кылышкан. Алар аталган компаниялардын унаалары жолдорду бузууда, деп эсептешет.

Фирмалардын жетекчилиги, жергиликтүү администрациянын аткаминерлери, ички иштер органдарынын башчысы чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Компаниянын башчылары, унаа жолдорун акырындык менен оңдой тургандыктарын айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД