Шарк айылында болгон өрт кырсыгында 35 тонна саман күйүп кетти

Ош облусундагы Шарк айылында болгон өрт кырсыгында 35 тонна саман күйүп кетти. Бул тууралуу "ВБ" га өздүк кабарчылар маалымдашты.

Окуя болгон жерге дароо өрт өчүргүчтөр жетип барышкан. Алар тилсиз жоо менен 2 саат бою алпурушту.

Өрттүн келип чыгышына үй ээлери себепкер экендиги айтылууда. Анткени алар короодо тандыр жаап, шамал оттун учкундарын саманды көздөй учурган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД