Москва районунда ири өрт кырсыгы катталды

Москва районунда ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк кабарчылар билдиришти.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Александровка айылында кышка камдалган тоют сакталган чарба сарай күйүп кеткен. Жалын бир заматта күч алып жакын жердеги турак үйгө жармашкан.

Өрт өчүргүчтөр келген маалда жалын 500 кв. метр аянтты курчап алган. Тилсиз жоону өчүрүүгө жергиликтүү тургундар дагы тартылган. Өрт 5 саатан кийин өчүрүлгөн.Анда 1000ден ашуун түк саман, 10 тоннадан ашуун буудай, үй буюмдары күйүп кеткен. ӨКМнын кызматкерлеринин айтымында, кырсык үй ээлери короодо электр ширетүүчү менен иш кылып жаткан маалда болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД