Ысык-Көл XII Эл аралык спорт оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду

Чолпон-Атадагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында Ысык-Көл XII Эл аралык спорт оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду. Иш чарага дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыбек Шалпыков катышты. Ал мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

Ошондой эле командалардын башчылары өлкөнүн туусун көтөрүштү.Иш чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин, жергиликтүү бийчилер жана ырчылардан турган жамаат концерт уюштуруп берди. Кечкисин от жагылып, мелдештин катышуучулары көңүл ачышты.

Мелдештин алгачкы күнкү жыйынтыгында сууда сүзүү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Анда Игорь Горбач (Казакстан), Молчанова Татьяна, Александр Мохжана Лариса Дедова (баары Кыргызстандан) алдыңкы орундарды багындырышты.

Шалпыков билдиргендей, учурда катышуучулардын саны бир жарым миңге жетет. Алар Казакстандан, Орусиядан, Кытайдан, Кыргызстандан келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД