Бишкек шаарынын 11 жаштагы тургунуна ботулизм диагнозун коюшту. Бул тууралуу Республикалык клиникалык-инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
КР саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 13-сентябрда, бейтап кыз шаардагы балдар клиникалык ооруканасына дарыланууга жаткырылган.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, кыздын кокустан ооруп калышына тамак-ашка колбаса колдонгондугу себеп болгон.