"Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы директору дайындалды

Орозбек Нусувалиев "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн расмий сайты билдирет.

Дайындоо тууралуу жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кечээ, 13-сентябрда кол койду. Башка бир жарлыкка ылайык, премьер-министр "Бишкек" ЭЭЗнын башкы директорунун кызматынан Бактыбек Кунаевди бошотту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД