Урустембаев Улуттук гвардиянын командиринин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 13-сентябрда, президент Алмазбек Атамбаев, Шайдылда Урустембаевди материалдык-техникалык камсыздоо боюнча КР коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын командиринин орун басары кызмат ордуна дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын малыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Улуттук гвардиянын командиринин орун басары кызматынан Раатбек Аширов бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД