Жолдошева: Эсептөө комиссиясынын ишин жокко чыгаруу керек

Бүгүн, 13-сентябрда, парламент депутаттары пленардык жыйында Жогорку соттун судьялыгына талапкерлер үчүн добуштарын беришти. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева, добуштар саналып бүткөндөн кийин, эсептөө комиссиясынын ишин жокко чыгаруу керектигин билдирди. Анын пикиринде, комиссия добуштарды туура эмес эсептеди. "Жогорку соттун кызмат орду үчүн соодалашуу болуп жатат. Мындан улам, добуштарды кайрадан санап чыгуу керек",- деди депутат айым.

Жолдошеванын оюна "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нишанов макул экендигин билдирди. "Сотторду тандоодо эч кандай эреже бузуулар болбошу керек. Эгерде кандайдыр-бир күмөн саноолор болсо, кайрадан карап чыгуу керек", - деп түшүндүрдү ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД