Депутаттар Жогорку соттун судьялыгына талапкерлер үчүн добуштарын беришти

Бүгүн, 13-сентябрда, парламент депутаттары пленардык жыйында дагы бир жолу Жогорку соттун судьялыгына талапкерлер үчүн добуштарын беришти. Буга чейин сотторду тандоо кеңешинин тандоосунан өткөн 25 адамдан турган тизме боюнча, жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

Комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бегматовдун айтымында, 120 бюллетень чыгарылган. Алардын ичинен 95 бюллетень депутаттарга таратылып берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгында бардык талапкерлер жетишээрлик добуш ала алышты. Шайлоонун жыйынтыгын 83 депутат канааттандыраалык деп тапты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы (добуштардын саны):

1. Качыке Эсенканов - 80;

2. Феруза Джамашева - 73;

3. Бактыгул Аманалиева - 71;

4. Абиджан Исаков - 75;

5. Каныбек Бокоев - 76;

6. Кабылбек Джумашов - 76;

7. Маргарита Мельникова - 70;

8. Камиль Осмоналиев - 82;

9. Канатбек Турганбеков - 81;

10. Нургул Сатыбалдиева - 81;

11. Болотбек Акматов - 54;

12. Галина Уметалиева - 51;

13. Жаухарат Байзуллаева - 72;

14. Гульбара Калиева - 79;

15. Дилара Арстанбаева - 75;

16. Жакып Абдрахманов - 63;

17. Дильбар Кульматова - 82;

18. Айжамал Ажибраимова - 60;

19. Дильфуза Боронбаева - 83;

20. Арзыбек Акыев - 50;

21. Бусурманкул Бактыгулов - 78;

22. Абылай Мухамеджанов - 80;

23. Нурсейит Арапбаев - 80;

24. Жамалкан Исакова - 75;

25. Лепес Темирбеков - 79.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД