Жеке заводдун аймагынан кылмышкерлер станокторду уурдап кетишти

Жеке заводдун аймагынан кылмышкерлер станокторду уурдап кетишти. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарына "Токмок ПАТП" ААКнын директору арыз менен кайрылган. Анда жеке ишкананын аймагына түнкүсүн белгисиз бирөөлөр кирип, цехтен агрегаттык, токардык станокторду уурдап кеткенин айткан. Келтирилген жалпы чыгым 32 843 сомду түздү.

Чүй ШИИБнын кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Токмок шаардык ИИБнын кызматкерлери биргеликте, аталган окуяга шектүү делген жаранды кармашты. 46 жаштагы жергиликтүү жаран убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Ал буга чейин уурулук боюнча соттолуп чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД