Сокулук районунда жашы жете элек өспүрүм кызды уурдап кетишти

Сокулук районунда жашы жете элек өспүрүм кызды уурдап кетишти. Бул тууралуу "ВБ" га өздүк кабарчылар билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 17 жаштагы кыздын ата-энеси арыз менен кайрылышкан. Анда 11-сентябрда Биринчи Май айылында бейтааныш жигит жашы жете элек кызды унаага зордоп салып, белгисиз тарапка жол тартып кеткендиги айтылат.

Аталган кылмыш кыз ала качуу максатында болгон деген божомолдор айтылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД