Кыргыз спортчулары тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болушту

Кыргызстандык спортчулар Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болушту.

Кыргызстандын тай боксу боюнча Федерациясынын президенти Елена Шевченко "ВБ" га берген маалыматына караганда, 3 коло медалды Дмитрий Валуевич (75 кг.га чейинки салмактагы), Алтынбек Бактыбаев (51 кг. га чейинки салмактагы) жана Бектурсун Таалайбек уулу (51 кг. га чейинки салмактагы) багындырышты.

Шевченконун айтымында, кыргыз спортчулары дүйнө чемпионатында финалга чыга алышкан жок. "Бул жылы спорт боюнча мамлекеттик агенттик такыр жардам берген жок. Бирок биз жыйынтык бердик. Кийинки жылы аталган агенттик бизге акча бөлүп, жол киребизди төлөп берсе, биз алтын медаль алып келээрибизге ишеним чоң",- деди федерациянын президенти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД