Сатыбалдиев Геология агенттигинин кызматкерлерин "коррупционерлер" деп айыптады

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, кечээ, 12- сентябрда геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы директору Ишимбай Чунуевди эмгек жамаатка тааныштырып жатып, аталган ведомствонун кызматкерлеринин жарымы коррупционерлер деп айтты. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери "ВБ" га билдиришти.

Алардын айтымдарында, кызматкерлер жаңы директордон айлык акыны көтөрүү мүмкүнчүлүгү туурасында суроо беришкенде, Сатыбалдиев аларга: "Силердин жарымыңар ансыз деле коррупционер болсор, эмнеге айлыгыңарды көтөрүш керек?",- деп билдирди.

Кызматкерлердин маалыматына караганда, алардын орточо айлыгы 3,5 миң сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД