Касиев: 2012-жылы балдар онкологиясына бюджеттен бир дагы сом бөлүнгөн жок

Улуттук онкологиялык борбордун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Накен Касиев, 2012-жылы балдар онкологиясына бюджеттен бир дагы сом бөлүнгөн жок деп билдирди.

Эске салсак, учурда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери жана жетекчилиги менен жолугушуп, аталган тармак боюнча актуалдуу маселелер талкууга алынууда.

Касиев белгилеп кеткендей, 2011-жылы балдар онкологиясына 10 млн.сом бөлүнгөн. "2012-жылы онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоого кеткен чыгымдын баарын ата-энелер көтөрүшүүдө",- деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД