Жайыл райондук ИИБнын кызматкерлери кылмыштын бетин ачышты

Жайыл райондук ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери, сентябрдын башында болгон кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда, болжол менен саат 19да Кара-Балта шаарындагы май куюучу жайда каракчылык менен кол салуу болгон. Бет кап кийген белгисиз 2 жаран (алардын бири аял киши), оператор отурган мекемеге кирип келишкен. Кылмышкерлер аны сабап, денесине оор жаракат келтиришкен. Ошондой эле кассадан 41 мин 412 сомду уурдап кетишкен.

Жабырлануучунун айтымында, кол салгандар 20-25 жаштардагы европеид улутундагы жарандар болгон.

Жайыл РИИБнын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Жыйынтыгында окуяга тийиштиги бар кылмышкерлердин бири кармалды. Ал Жайыл районунун 1989-жылы туулган жараны болуп чыкты.

Учурда кылмышка тийиштиги бар экинчи жаранды кармоо иш чарасы жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД