Баткен облусунда болгон жол кырсыгынан унаа толугу менен күйүп кетти

Баткен облусунда болгон жол кырсыгынан унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 12-сентябрда болжол менен кечки саат 8де, Кызыл-Кыянын көчөлөрүнүн биринен жол кырсыгы катталган. Натыйжада "Фольксваген Гольф-4" унаасы толугу менен өрттөнүп кеткен. Курман болгондор жана жабыркагандар болгон жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД