УКМК: Муниципалдык жеке башкармалыктын мурунку башчысы Бейшенбаев кармалды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин ишмердүүлгү маалында, коррупциялык фактылардын бетин ачуу боюнча кылмыш ишин ведомстволор аралык тергөөнү иликтөөнүн алкагында, мэриянын муниципалдык жеке башкармалыгынын мурунку башчысы Руслан Бейшенбаевди кармашты. Ал УКМКнын тергөө абагына алынып келинди.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 2008-жылы муниципалдык жеке башкармалыктын атынан, таштанды тазалоочу унааларды жогорулатылган баада алынып келинишине карата 4 тараптуу келишимге кол койгон.

Эске салсак, 2012-жылы 15-августта башкы прокуратура мурунку мэр Түлеевге жана башка кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгогон. Анда аларга, "Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды тазалоочу унааларды жогорулатылган баада алынып келинишине карата келишимге кол койгон жана мурунку балдар бакчасынын имаратын мыйзамсыз саткан деген айып тагылган.

Шектүү катары Түлеев кармалган болчу.

Учурда тергөө иш чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД