Баңгизаты менен шугулданып жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаардык ИИБнын баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкерлери, маңзаты менен шугулданып жүргөн жаранды кармашты. Текшерүү учурунда анын жанынан 1 кг. героин жана 2 кг. гашиш табылган. Бул тууралуу ИИМдин расмий сайты билдирет.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине ыкчам кабар келип түшкөн. Анда шектелип жаткан жаран, узак убакыттан бери баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүп келет деп айтылат.

Орган кызматкерлери шектелип жаткан жарандын изине түшкөн. 9-сентябрда болжол менен саат 5те, борбор калаадагы темир жол бекетинде атайын операция жүргүзүлүп, анда 42 жаштагы жаран кармалды. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну болуп чыкты.

Маалыматка ылайык, баңгизаты республиканын түштүк аймагынан алынып келинип, Орусияга жөнөтүү пландаштырылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД