Бүгүн Бишкектин батыш бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 12-сентябрда, саат 9дан 17ге чейин Бишкектин батыш бөлүгүндө, Фрунзе, Тыныстанов, Киров, ошондой эле "Ак-Өргө" конушундагы Максат, Тынчтык көчөлөрүндө, "Ала-Тоо" конушундагы Кара-Сай, Көк-Кыя, Ак-Булак көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк Электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле убакта Сокулук районунун Национальное, Панфилов, Сокулук айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Москва районундагы Петровка айылынын бир бөлүгүндө дагы жарык өчүрүлөт.

Электр жарыгын өчүрүү аба чубулгаларынын капиталдык ремонтуна байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД