Белорусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында митинг токтоду. Бул тууралуу "ВБ"га милиция кызматкерлери билдиришти.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымдарында, митингде жалпысынан 15ке чукул адам катышкан. Нааразы болгон тарап, 2010-жылдын 7-апрелинде качып кеткен экс-президенттин тууганы Жаныш Бакиевди экстрадициялоо талабы менен чыгышкан.