Бишкекте бангизатын ташып жүргөн жаран кармалды

Бишкектин из кубарлары ири көлөмдөгу бангизатын ташып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ШИИБнын бангизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкек шаарындагы темир жол аймагына жакын жердеги Линейная жана Эркиндик проспектисинин кесилишинен наркокурьерди кармашты. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты. Текшерүүгө алганда анын жанынан 3 кг. салмактагы бангинзат табылды.

Аталаган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жаран Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД