Негизи бул маалыматтык системасы ишке ашып калса олко учун жана жарандарыбыз учун дагы мыкты болчудай экен.
Бишкекте "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы "Tulparsystem" маалыматтык системасынын бетачарын өткөрөт. Иш чара 12-сентябрда болот, деп аталган ишкананын башкы директору Кылычбек Жакыпов билдирди.
Анын айтымында, "бирдиктүү терезе"- импорт, экспорттук операцияларда документтерди топтош үчүн убакытты жана каражатты үнөмдөгөнгө жардамчы болот.
12-сентябрда өтө турган бет ачарга КР 1-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев, Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев, КР Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов катышмакчы.
"Бирдиктүү терезе"- сырткы соода чөйрөсүндө "Tulparsystem" интернет систесмасы аркылуу ишке ашырылат.