Жол кырсыгында жабыркаган реанимациялык кичиавтобуска каражат бөлүндү

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев ушул жылдын август айында жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жапа чеккен Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын реанимациялык микроавтобусун калыбына келтирүү үчүн каражат бөлдү. Ушул максатта Президенттин резервдик фондунан 500 000 сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Ошону менен бирге, президент ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге, реанимациялык микроавтобус менен кагылышууга алып келген укук коргоо органдарынын кызматкери Улан Сыдыковго карата кандай чара көрүлгөндүгү тууралуу маалымдоо боюнча тапшырма берди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД