Исаев: Жаңы шайланган премьер мурунку премьер-министрден сапаты жакшыраак

Жаңы шайланган премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку премьер-министрден сапаты жакшыраак. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда "ВБ" га берген маегинде КСДП фракциясынын депутаты Жусупали Исаев билдирди.

"Эгерде Бабанов өзүн шайлатыш үчүн бардык депутаттардын айткандарына макул болуп келген болсо, Сатыбалдиев өлкөнү өнүктүрүш үчүн өзүнүн көз карашы бар экенин билдирип койду", дейт Исаев.

Депутаттын пикиринде, азыркы шайланган премьердин башкаруу тажрыйбасы мол.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД