Бүгүн, 4-сентябрда "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынын отурумунда, КР өкмөтүнүн мүчөлөрүн жайгаштыруу боюнча талапкерлер каралууда.
Социалдык суроолор боюнча Вице-премьер-министрдин кызмат ордуна жалгыз гана талапкер ат салышууда.
- Зарема Чокошева (независимый эксперт ОФ "Форсайт" коомдук фондунун көз карандысыз эксперти).
Каржы министринин кызмат ордуна 9 жаран талапкер болууда:
- Абдималик Кудайбердиев- Эсептөө палатасынын башкы мамлекеттик инспектору;
- Зоотбек Кыдыралиев- Каржы министрлигинин бюджеттер аралык мамиле боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;
- Ольга Лаврова-Бухгалтерлер жана аудиторлор Бирикмесинин мүчөсү;
- Мурат Исмаилов -Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
- Канат Асангулов-каржы министринин кеңешчиси;
- Максат Кунакунов- Либералдык-прогрессивдүү саясий партиясынын башчысы;
- Бейшенбек Ишенов- Каржы министрлигинин региондор аралык аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
- Айылчы Сарыбаев- Ж. Баласагын атындагы КУУнун экономика жана финансы институтунун ректору;
- Султан Медеров -"Марка аудит Бишкек" АКК башкы директорунун кенешчиси;
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызмат ордуна 4 талапкер ат салышууда:
- Чынгысбек Узакбаев - Cуу чарба Департаментинин башкы директорунун орун басары;
- Султанбек Маткеримов- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары;