Оштогу Мамкаттоо кызматынын кызматкери пара менен кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы, пара алгандыгы үчүн Оштогу Мамкаттоо кызматынын кызматкери пара менен кармалгандыгын билдирди.

ИИМдин Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, түштүк борбордун жашоочусунун биринен Ош шаардык мамкаттоо кызматынын кызматкери опузалап акча талап кылып жаткандыгына арызданган.

Аталган кызматкер улгайган адамдан документтерин толтуруу үчүн 15 миң сом талап кылган.

10-августтагы ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шаардык мамкаттоо кызматынын кызматкерин милиционерлер сураган акчасы менен кошо кармашкан. Кармалган кызматкерге КРдин Кылмыш Кодексинин "Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД