Биринчи Май районундагы акча алмаштырган жайга кол салуу болду

Биринчи Май районундагы акча алмаштырган жайга каракчылык менен кол салуу болду. Бул туурасында "ВБ"га Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн экинчи күнү, 31-июлда саат 12:00дө азия улутундагы 25-30дар чамасындагы белгисиз үч адам акча алмаштырган жайга кирип барышкан. Ал жерде иштеген кызматкердин колу-бутун байлап, оозун скотч менен чаптап, коркутуп-үркүтүшкөн. "Нокиа-1600" маркасындагы телефон аппаратты жана 200 миң сомду алып, бейкапар жок болушкан. Биринчи Май райондук милициясынын испекторлорунун изди суутпай кармоо аракетинде, кол салгандардын бири, 27 жаштагы шектүү делген адам кармалган. Учурда тартип коргоо кызматкерлери калган шериктерин кармоо үчүн иш алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД