Бүгүн Аламүдүн районунун жана Ново-Покровканын кээ бир жерлеринде жарык болбойт

Бүгүн 2 августта саат 9дан кечки 17ге чейин Аламүдүн районунун Панфилов, Ала-Ата, Гоголь, Чернышевский, Чугуев, Горький көчөлөрүндө, ал эми Тоолуу-Маевка, Кой-Таш, Прохладное айылдарында электр жарыгы болбойт. Бул туурасында "Түндүкэлектро" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, бул убактылуу өчүрүүлөр ГЭС-2ден чыккан Аламүдүн РЭСииндеги 6/10 кВ аба линияларында жана "Стрельникова" жогорку чыңалуудагы подстанциясындагы ремонт иштерине байланыштуу болууда.

Электрмонтажчылар бригадасы ЛЭПти бойлой чаржайыт өсүп кеткен дарактарды кыйып, ошондой эле №1105трансфоматордук подстанциянын линиялык ажыраткычтарын оңдоп-түздөө жана өткөргүчтөрдү тартуу иштерин жасашат.

Кант РЭСинин электрмонтажчылары "Лебединовка" подстанциясынан кеткен 10 Кв ЛЭПтин жыгач түркүктөрүн жаны темир бетонго алмаштырышат, ал эми подстанциялыр кызматынын адистери "Ново-Покровка" подстанциясында иштешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД