ЖККУ эгемендикке коркунуч жаралган учурда коллективдүү түрдө коргой алат

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Уставына 2002-жылдын 7-октябрында түзөтүүлөр киргизилген, аны ратификациялоо боюнча кечээ, 31-июлда президент Алмазбек Атамбаев кол койду, деп билдирди "ВБ"га берген маегинде Кыргызстандын коргоо Кеңешинин ЖККУ маселелери боюнча иш алып барган өкүлү Улан Өмүралиев.

Эскерте кетсек, протокол КРдеги 2010-жылы болгон окуяларга байланыштуу даярдалып, анда жогорудагыдай окуяларда ЖККУнун күч мүмкүнчүлүктөрүн зарылдык болгон жагдайларга карата колдонуу механизмин жакшыртуу шартталган.

Өмүралиевдин сөзү боюнча, эгерде кайсы бир өлкө ЖККУну кайсы бир чечимин колдобой турган болсо, анда ошол мамлекет ал чечим боюнча жоопкерчиликтен бошотулат. "Аны менен бир өлкөнүн жалпы уюмдун кайсы бир кризистик жагдайлардагы чечимин тосоттоо мүмкүнчүлүгү жаралбайт",-деп кошумчалады эксперт.

"Түзөтүүлөр аныктагандай, ЖККУда түзүлгөн жамааттык коопсуздук системасы "эгемендикке, аймактык бүтүндүккө жана туруктуулукка коркунуч жаралган учурларда коллективдүү түрдө коргоосу каралган",-деп эксперт протоколдон мисал келтирди.

Мындан сырткары, анын айтымында, Уставдагы өзгөрүүлөр уюмдун коалициялык (жамааттык) күчтөрүн, тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн, ошондой эле алардын бириккен системалары менен башкаруу органдарын, аскерий инфраструктура түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД