Билим берүү министрлиги ЖОЖдордогу баллды азайтуудан баш тартты

Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдорго өтө тургандар үчүн баллды азайтпайт. Бул туурасында, бүгүн, 1-августта билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, быйыл бюджеттик бөлүмдөрдө окуу үчүн 5 705, акы төлөө негизинде окуу үчүн 28 782 орун бөлүнгөн.

"Өткөн үч турдун жыйынтыгы боюнча 969 бюджеттик орун калды. Алар өлкөнүн экономикасында мааниге ээ адистиктер үчүн каралмакчы. Баллды азайтуу болбойт, себеби, ал жогорку окуу жайларындагы адистиктерди даярдоо сапатын начарлатат деп эсептейбиз ",-деди министр.

Садыков окуунун акы төлөө формасы үчүн да балл азайтылбай тургандыгын кошумчалады. Учурда окуунун бул түрүнө абитуриенттерди кабыл алууда орундардын 60 пайызы толду.

Эске сала кетсек, ЖОЖдордун бюджет бөлүмүнө өтүү үчүн 2012-жылы негизги тест боюнча - 110, предметтер боюнча – 60; акы төлөө түрүндө: негизги тест боюнча - 105, предметтик тестте – 50 балл болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД