Өткөн суткада Бишкектеги куткаруу кызматына 2,5 миң жолу чалышкан

Өткөн суткада эл Бишкектеги куткаруу кызматына 2,5 миң жолу телефон чалышкан. Бул туурасында "ВБ"га Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын айтымында, эл тоодогу көл ташып кетти деген имиштерден улам маалымат алууга аракеттенишкен. Алардын ичинен көбү дүрбөлөңдүн айынан үй-жайларын таштай качып, бийик тоодон баш калка издегенге мажбур болушкан. Саат үчтөрдө гана телефон чалуулар азайган. Эртең мененки убакытка жакын гана абал тынчыган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД