Бишкек жылуулук электр станциясы кыргыз көмүрүн жагат

"Электр станциялары" Ачык акционердик коому Бишкек жылуулук электр станциясын (ЖЭС) ишин өзгөртүп, аны Кыргызстандан чыккан көмүрдү жагуу системасына өткөрүү боюнча атайын долбоор даярдап жатат. Бул маалыматты "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору Аман Тентиев Экономика жана өнөр жай министринин бүгүнкү, 31-июлдагы коллегиясында билдирди.

"Буу казандарынын ишинин өзгөртүүгө болжол менен бир жыл кетет",-деди гендиректор.

Бишкек ЖЭСинин ишин кыргызстандык көмүргө өткөрүү чечими Казакстандан келген кулан көмүрүнүн уулуу делген чыр-чатагынан жана казакстандык көмүр өндүрүүчүлөрдүн Кыргызстан менен иштешүү ниетинин жоктугунан улам кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД