Шадиев: Суу аз, көмүр, акча жок, оңдоо иштери созулууда

Экономика жана өнөр жай министри бүгүн, 31-июлда ведомствонун коллегиясында энергокомпаниялардын 2012-2013-ж.ж. күзгү жана кышкы мезгилге өтүүгө даярдыгын сындады.

"Кыш-күзгү даярдык өтө начар. Суу аз, көмүр жок, акча жок, оңдоп-түзөө иштери созулуп жатат. Күзгө эмнебиз менен киребиз? Ким буга жооп берет? Биз бардык параметрлер боюнча артта калып жатабыз",-деди министр.

Учурда коллегия энергокомпаниялардын кыш-күз мезгилине даярдыгы боюнча отчетту угуп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД