Камчыбек Ташиев: Кезексиз жыйын үчүн 40 кол топтолду

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө максатында ЖКнын кезексиз жыйынын өткөрүүгө макул болгон кырктан ашык депутаттын колу топтолду. Бул туурасында бүгүн, 31-июлда "ВБ"га оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев маек берип жатып билдирди.

"Топтолгон 40 кол кезексиз жыйын өткөрүүгө зарыл болгон сан",- деп билдирди ал.

"Мындан бир жума мурда мен кол койгондо эле ондон ашып кеткен",-деди Ташиев.

"Ата Журттун" лидери азырынча кезексиз жыйындын кайсы күндө өтөрү туурасында депутаттар арасында маселе көтөрүлө электигин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД