ӨКМ: Көл тездик менен толо баштаган, бирок азыр азайууда

Ала-Арча дарыясынын баш жагында болгон ӨКМдин ыкчам тобу плотина аркылуу Тез-Төр көлүнөн суу кое берилгенин билдирди.

ӨКМдегилер өрөөндөгү Ала-Арча дарыясы Бишкек шаарында болгондуктан өзгөчө көзөмөлдө экендигин кабарлады.

Өрөөндөгү, Адыгынедеги – Тез-Төр көлүнун ташып кетүү коркунучунда экендигин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, учурда көл тездик менен толо баштап, өзүнүн тиешелүү көлөмүнө жеткен. "Эртең мененки саат 09:30дарда ӨКМге плотина аркылуу көлгө аздап болсо да суу түшө баштагандыгы тууралуу маалымат келген. Жыйынтыгында, Ала-Арчанын баш жагындагы суунун агымы секундасына 15-20 кубдан тарта 30-35 кубка чейин көбөйө баштаган. Суунун бул деңгээли 1,5 саатка жакын кармалып турган. Учурда суу бир топ азайып, дарыянын жака-белин суу каптап кетүү коркунучу азайды",- деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Адыгыне дарыясы (пикке жакындаганда Тез-Төр дарыясы менен кошулуп кетет) Ала-Арчанын сол куймасы. Адыгыне чокусу окшош аталыштагы капчыгайдын (Кыргыз тоо кыркаларынын борбордук бөлүгүнүн түндүк бетинде) башында жайгашкан. Адыгыне жана Электро чокуларынын ортосунда 4030 метрлик Адыгыне ашуусу бар. Адыгыненин түндүк бетинде мөңгү, Тез-Төр мөңгүсүнө уланып кетет. Адыгыне чокусу Ала-Арча капчыгайынан караганда абдан жакшы көрүнөт. Эки мөңгүнүн жанында аты окшош көлдөр орун алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД