Ата-энелер: Бишкекте тарбиячылар балдарды алып кетүүнү суранышты

Мир проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн аймагындагы балдар бакчасынан телефон чалып, ата-энелерди балдарды алып кетүүнү сурашкан. Бул туурасында ата-энелер "ВБ"га билдиришти. Тарбиячылар, муну мэр Иса Өмүркуловдун сел каптоо кооптуулугуу боюнча буйругуна таянып айтышкандыгын билдиришкен.

Айтылган бала бакчанын кызматкерлери бөбөктөрдү алып кеткиле деген телефон чалуулар боюнча расмий түрдө комментарий беришкен жок. Анткени менен шаар башчысынын жогорудагыдай буйругу бар экендигин ырасташып, бирок, документте эмне деп жазылгандыгын ачыкташкан жок.

Twitterдин микроблогунда да "ВБ" эскертүүлөрүндө "Илим" менчик бала бакчасы менен Орто-Сай айылындагы №172 бала бакчадан да бөбөктөрдү алып кетүүнү суранышкандыгын жазышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД