"Дастан" ишканасы айландырган акчанын каатчылыгын тартууда

Мамлекеттик үлүшү 98,6 пайыз "Транс улуттук "Дастан" Ачык Акционердик Коому айландырган акчанын каатчылыгынан улам, атайын продукцияларды чыгарууда кыйынчылык тартууда. Бул туурасында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2012-жылдын I жарым жылдык отчетунда айтылган.

Ишкананын башка көйгөйлөрү да бар. Алар келишимдердин макулдашууларынын узактыгы, продукцияларды экспорттоо жана импорттоодогу лицензиялоо, ошону менен катар эле ишкананын мамлекеттик акцияларынын Россияга берүү процессинини создугушу ж.б. маселелер.

"Дастандын" ААКсынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлиги кредит алуу үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгууга жардам берип жаткандыгы отчетто айтылат.

"Транс улуттук"Дастан" Ачык Акционердик Коому медициналык техникаларды, атайын продукцияларды ошону менен катар эле керек-жарактын талабына жооп берген товарларды чыгарат. Январь-июнь айында 358,8 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, бул былтырка жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 пайыз арбын болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД