Имиштерди такташ үчүн Ала-Арчага ӨКМдин ыкчам тобу жөнөп кетти

Ала-Арча капчыгайында көл жырылып кетти деген имиштерди текшерүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ыкчам тобу жөнөп кетти. Бул туурасында "ВБ"га өздүк булактар маалымдады.

Бүгүн Ала-Арча дарыясынын нугу кескин түрдө көтөрүлгөндүктөн, шаардыктар ичинде тоодогу көл жырылып, сел катуу келип, дамбаны жарып кетип, чукул кырдаал түзүлүп жатат деген имиштер чыгып кеткен. ӨКМдин куткаруу кызматынын телефонунда жарандардын чалууларынан тыным жок. Өздүк булактардын айтымында, дүрбөлөңгө түшкөнгө негиз жок, бирок, абалда мониторинг жүргүзүү үчүн ӨКМдин ыкчам тобу жөнөп кетти. Азырынча алардан эч кандай маалыматтар түшө элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД