Ооруканада "Кумтөрдүн" дагы 62 кызматкери жатат

28-июлга карата "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын кендеги тамактан массалык түрдө уулангандарынын саны 345 адам болду, жаңы кайрылгандар жок. Бул туурасында санитария, ветеринария жана фитосанитария боюнча Мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Берилген маалымат боюнча, азыр ооруканада 62 адам дарыланууда. Алардын ичинен Каракол аймактык ооруканасында жаткандардын саны - 18. Аксууда – 4, Жети-Өгүздө – 32, Тоңдо – 6, Балыкчыда – 2, Ысык-Көлдө – 1 бейтап жатат. Булардын баарына "тамак-аш токсикоинфекциясы, гастроэнтероколитикалык формада" деген диагноз коюлган. 40 киши ооруканадан ал-абалы канааттандырарлык абалда деп чыгарылган.

Муну менен катар эле тамак-ашты даярдоого, сактоого, ташууга, таратууга катышы бар жумушчулар менен ичип жаткан сууда ичеги карын жана стафилококк инфекцияларынын жоктугу текшерилүүдө.

Алдан ала берилген маалыматтарга караганда, 45 бейтапка лабараториядан аныкталып Salmonella enteritidis, төртөөнө - тамак-аш токсикоинфекциясы, бирөөнө – энтероколит диагнозу коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД