Погода
$ 89.55 - 89.87
€ 96.62 - 97.63

Райондук билим берүү бөлүмдөрү мектептерге мажбурлап китеп саткан

Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдер менен ата-энелерден бир топ арыздар келип түшкөн. Анда райондук билим берүү бөлүмдөрү "Кут аалам" жоопкерчилиги чектелген (ЖЧК) коомунун китептерин сатып алууга мажбурлап жаткандыгын айтылган. Арыздангандардын билдирүүсүндө, китепти таңуулап жаткан аталган бөлүмдөр бул министрликтин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкуловдун буйругу экендигин айтышкан.

Бул жагдай боюнча аталган министрликте жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөдө, чындыгында ушундай буйрук жер-жерлердеги райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жиберилгендиги аныкталган. Аталган бөлүмдөрдүн башчыларына жазуу түрүндө мектептер ушул басылманын гана китептерин сатып алуусуна катуу буйрук берилген. Тактап айтканда, алар жомоктор күндөлүктөр жогорулатылган баада соодаланган.

"Эгер зарыл болсо бул фактылардын чын экендигин ырастай алабыз, мугалимдер менен ата-энелердин арыздарынын жана мурдагы орун басар министрдин буйругунун көчүрмөлөрүн бере алабыз",-деди "ВБ"га министрликтин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башкы адиси Кенжекан Усупова.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы бул чырды жок кылуу үчүн райондун бөлүмдөрдүн башчыларына жаңы орун басар министр Доктургүл Кендирбаеванын (ал мындан бир нече күн мурда Гүлжигит Сооронкуловдун ордуна дайындалган) мурдагы буйрукту жокко чыгарган жаңы буйругу чыккандыгын билдиришти.

"Бул маселе учурда билим берүү жана илим министрлигинин жеке көзөмөлүндө",-деп ишендиришти аталган министрликтен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



@1996-2024 ЗАО "Издательский дом "Вечерний Бишкек"
При размещении материалов на сторонних ресурсах гиперссылка на источник обязательна.

Контакты редакции:
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Усенбаева, 2.
Телефон: +996 (312) 88-18-09.
E-mail: info@vb.kg
Телефон рекламного отдела: +996 (312) 48-62-03.
E-mail рекламного отдела: vbavto@vb.kg, vb48k@vb.kg


НАВЕРХ  
НАЗАД