Сот Шадиев менен Тентиевди радиоактивдүү көмүр иши боюнча актады

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-июлда энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевди, министрдин экс-орун басары Кайрат Джумалиевди, "Электр станциялары" ААК дын гендиректору Аман Тентиевди жана Мамлекеттик бажы кызматынын полковниги Аскар уулу Мирланды Бишкек ТЭЦине радиоктивдүү көмүрдү ташып келүү иши боюнча актап чыкты. Бул боюнча "ВБ"га Тентиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Сот өзүнүн чечимин айыпталуучулардын иш-аракетинде кылмыш курамынын жоктугу менен негиздеген.

Айткулов айыпталуучулардын эч күнөөсү жоктугун баса белгилеп, "айыптоочу тараптан бир да күбө алардын күнөөсүн далилдеп бере алган жок", - дейт.

Сот жүрүшүндө 30 га жакын күбөнүн маалыматы угулду.

Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоо айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, баарына 20 миң, ал эми Тентиевге 50 миң сом штраф чегерип берүүсүн өтүнгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД