Сентябрда британиялык адистер Кыргызстандын инвесткапитал мүмкүнчүлүгүн баалашат

27-июлда Лондондо өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Улуу Британиянын вице-премьер-министри Николас Клегг жана соода, инвестиция боюнча мамлекеттик министри, лорд Грин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн маалымат саясаты боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Жолушугуу учурунда өкмөт башчысы Бабанов Кыргызстанда британиялык компаниялардын жетишсиз экендигин белгилеп, алардын коомчулугу Кыргызстан туурасында маалыматы аз экендигин айтты. Премьер-министр Бабанов аларга Кыргызстанда дүйнөнүн 44 өлкөсү үчүн 60 күнгө чейин визалык режимди алып салуу боюнча мыйзам күчүнө киргендигин маалымдады. "Бул өлкөлөрдүн арасында Улуу Британия дагы бар. Биз сиздерден туристтер менен инвесторлорду күтөбүз",-деди өкмөт башчысы.

Лорд Грин сентябрда Кыргызсандын инвестициялык капиталынын мүмкүнчүлүктөрүн баалоо үчүн британиялык адистердин тобу жөнөтүлөрүн маалымдады. Ошондой эле Улуу Британиянын соода жана инвестиция министрлиги Кыргызстанда өздөрүнүн коммерциялык банктарынын биринин өкүлчүлүгүн ачуу маселесин карамакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД