Кыргызстанда эл аралык бала багып алуу убактылуу токтотулду

Кыргызстанда мурда катталган бала багып алуу үчүн чет өлкөгө жетим балдарды жөнөткөн эл аралык уюмдардын иш-аракети токтотулду. Бул тууралуу 23-июлда буйрукка кол коюлганын Социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Мурда катталган эл аралык уюмдардан чет өлкөгө бала берүү укугуна он эл аралык уюм ээ болгон. Алардын төртөөнүн аттестатын министрлик кайра кайтарып алды. "Бала жана келечек" фонду (Нидерланды), "Ле Петит Принсэ Де Интерадоп" (Испания), "Л'Арионе - Онлус" (Италия) жана "Лав Баскет" корпорациясы (АКШ) мындан ары Кыргызстанда иш алып бара албайт.

Эки айлык мөөнөткө алты уюмдун иши токтотулду. Алар: "Куоре Онлус" ассоциациясы (Италия), "Адопта" (Испания), "Ин каминно Перла фамилия онлус" (Италия), "Адекоп" (Испания), "Альянс де фамий Квебек" агенттиги (Канада) жана "Кристиан уорлд Эдопшн" корпорациясы (АКШ).

Министрликтин басма сєз кызматы эмнеге ишканаларга ар кандай чара колдонулганын түшүндүрүп берди. "Одоно мыйзам бузулган ишканалардын иши биротоло токтотулса, талаш маселе жараткан уюмдардыкы убактылуу токтотулду", - дейт ведомство өкүлдөрү. Учурда Башпрокуратура чет элдик ишканалардын ишин кылдаттык менен текшерүүгө алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД